• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

COVID-19 жуктурган адам катталган жок

30 Чын куран 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган адам катталган жок. Ушул тапта ооруга мурда чалдыккан тогуз бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2020-жылдын мартынан бери коронавируска 200 992 адам чалдыгып, 2 991 киши оорудан көз жумган. 196 400 адам илдеттен сакайган.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду.

Количество просмотров: 83