• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

COVID-19 жуктурган медиктердин төртөө гана убадалаган 200 миң сом кенемтесин алды

3 Баш оона 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктуруп алган медиктердин төртөө гана убадалаган 200 миң сом компенсациясын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, 3-августка карата коронавирус жуктурган 40 медкызматкерден кенемте алуу боюнча арыз түшкөн.

«Алардын төртөө боюнча кенемте бүгүн төлөнүп берилет. Калгандары керектүү документтер туура эмес толтурулгандыктан кайра иштелип чыгууда. Коронавирус жуктуруп каза болгон медкызматкер же саламаттык сактоо уюмдарынын башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөө тууралуу айтсак, эки үй-бүлөгө 1 млн сомдон кенемте төлөнүп берилди. Андан тышкары, комиссия тарабынан калган учурлар каралууда», — деди Баймурзаев.

Количество просмотров: 110