• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

COVID- 19 жуктургандар эми 14 күн жатпай, жакшы болсо үйүнө чыгарылат

29 Кулжа 2020 18:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканада жаткан бейтаптар шарттуу түрдө 14 күндө эмес, айыккан учурунан тарта үйүнө чыгарыла баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

“Жаңы кабыл алынган алгоритм боюнча бейтаптар мурдагыдай 14 күндүк дарыланууга жатышпайт. Эгерде  стационарда жаткан бейтаптын 3-5 күн ичинде дене табы көтөрүлбөсө анализ алынат. Жыйынтыгы таза чыккан учурда бейтап үйүнө чыгарылып, анын абалына жашаган жериндеги үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери көзөмөл жүргүзүп турат”, — деп билдирди министр Сабиржан Абдикаримов.

Количество просмотров: 194