• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды

12 Үчтүн айы 202215:27 Бишкек Govori.TV

COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин 4 айдан соң ала алышат. Мурда бул аралык 6 ай болгон.

Мындай чечим КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынды.

“Вакцинанын бустердик дозасын 2021-жылдын 20-декабрында киргизишкен. Жаңы жыл майрамынан кийин эпидемиологиялык абалдын начарлашы байкалууда. Буга байланыштуу биз жаш курагы 60тан жогору жарандарды, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз”, – дейт КР ССМнын Иммундук алдын алуу борборунун директору Гульбара Ишенапысова.

Количество просмотров: 77