• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

COVID-19га каршы эмдөө сертификаттарын кайдан алууга болот?

16 Аяк оона 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Эмдөө сертификаттарын vc.emed.gov.kg ресурсу аркылуу алууга болорун маалымдайт.

Сертификат алуу үчүн https://vc.emed.gov.kg/ ресурсуна өтүңүз.

1) Жогорку сол бурчтан «Сертификат» бөлүмчөсүн тандаңыз

2) Тиешелүү графаны тандаңыз — «Кыргыз Республикасынын жарандарына күбөлүк» же «Чет өлкөлүк жарандар үчүн күбөлүк».

3) ПИН жана паспорттун маалыматын киргизиңиз (сериясы жана номери)

4) Ырастоо үчүн «Мен робот эмесмин» баскычына белгини коюп, андан кийин «Издөө» баскычын басыңыз

Эгерде сиз вакцинаны алып, маалыматыңызды туура киргизсеңиз, анда системада дарынын аталышы, компоненттин номери (биринчи жана экинчи), эмделген күнү, толук аты -жөнү көрсөтүлөт.

QR-коду бар коопсуз сертификатты алуу жана «COVID-19суз саякаттоо» мобилдик тиркемесине маалыматтарды жүктөө үчүн «Маалымкатты жүктөө» баскычын басыңыз. Система сиздин сертификатыңызды даярдайт, аны басып чыгарып жана / же сактап алсаңыз болот.

Ошондой эле сертификаттар төмөнкү ресурстар аркылуу жеткиликтүү:

  • электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;
  • Tunduk мобилдик тиркемеси;
  • мобилдик операторлордун электрондук капчыктары (идентификациядан өткөн колдонуучулар үчүн). Басып чыгаруу
Количество просмотров: 99