• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Эл үмүтү» стипендиясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

29 Баш оона 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын 2023-2024-окуу жылдарына карата жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.

Өз сөзүндө Жапаров КР президентинин дайыма белгилеп келген “билимге, саламаттыкты сактоого жана маданиятка салым кошуу адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу эң жакшы инвестиция” экенин билдирди.

“2022-жылдын 10-майында президентибиз Садыр Нургожоевич өлкөбүздүн сиздердей болгон таланттуу жаштарына чет өлкөдө билим алуусуна колдоо көрсөтүү, жаштардын билимге болгон шыктануусун арттыруу, айрыкча өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө эң артыкчылыктуу багыттар боюнча жаңы муундун заманбап адистерин даярдоо үчүн – «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын киргизген”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, кыргыздын алдыңкы жаштары – QS World University Rankings, Times Higher Education сыяктуу дүйнөлүк топ-100 рейтингге кирген чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда магистр жана PhD деңгээлинде билим ала алышат. Билим алуу үчүн «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын 2022-жылы 9 адам алган болсо, быйыл 17 адам татыктуу болду.

“Татыктуунун татыктуусу жеңгенине биз ишенебиз. Келечек сиздердин колуңуздарда. Сиздер эл үмүтүсүздөр. Билим алып, бизге кайра кайтып келиңиздер, биз сиздерди жумуш менен камсыз кылууга даярбыз. Сиздер татыктуу адистерден болуп келесиздер деп ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.

Количество просмотров: 47