• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Covid-19га каршы вакцина ойлоп тапкан окумуштуулар Нобель сыйлыгын алды

3 Тогуздун айы 20239:43 Бишкек Govori.TV

Медицина жана физиология тармагындагы Нобель сыйлыгы быйыл венгриялык окумуштуу Каталин Карико менен америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилди.

Сыйлык аларга Covid-19га каршы РНКнын (рибонуклеин кислоталарынын) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн ыйгарылды.

«Дүйнө COVID-19 пандемиясын баштан кечирип, дагы башка эпидемиялар күтүп турган мезгилде алардын эмгеги баа жеткис», — деп айтылат Нобель комитетинин билдирүүдө.

Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Кытайда коронавирустун жаңы түрү аныкталган. Көп өтпөй өпкөнү сезгенткен бул илдет дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тарай баштаган. Пандемия учурунда ДСУнун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө 20 миллион адам коронавирустан каза болгон.

ДСУ 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Ал 3 жыл 1 ай 24 күнгө созулду.

Количество просмотров: 82