• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

COVID менен сасык тумоонун ортосунда кандай айырма бар? Адистин жообу

1 Аяк оона 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

COVID-19 менен сасык тумоодо окшош клиникалык симптомдор бар. Бул тууралуу №1 Шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог-дарыгери Айжаркын Эгембериева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясындагы дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, тамактын оорушу, кургак жөтөл, баштын оорушу, кээде — мурундун агышы же мурундун бүтүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, апатия сыяктуу симптомдор сасык тумоого дагы мүнөздүү.

Дарыгер COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда төмөндөгүдөй айырмачылык бар экенин белгилейт:

  • COVID-19дун инкубация мезгили 1 күндөн 14 күнгө чейин узарылышы мүмкүн, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;
  • Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган өнөкөт оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн — бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;
  • Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;
  • Мезгилдүүлүк: Сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми COVID-19 үчүн бул анча маанилүү эмес.

Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар — балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID-19 учурда катуу оорунун коркунуч факторлору карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.

«Ошондой эле COVID-19 илдетинде өлүм коркунучу сасык тумоого караганда жогору — өлүмдүн деңгээли 3-4%. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1%га чейин»,-дейт ал.

Иммунологдун айтымында, дарыгер коронавирус менен сасык тумоонун айырмасын аныкташы маанилүү, анткени эки оору тең коркунучтуу ооруларга, анын ичинде пневмонияга жана андан кийинки өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Количество просмотров: 237