• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

COVID менен өткөн бир жыл: 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан онлайн кеңешме өттү

30 Жалган куран 2021 12:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «COVID менен өткөн бир жыл: бүгүнкү муун үчүн апааттан качуу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү боюнча приоритет» деген темадагы онлайн кеңешмеге катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзүнөн 114 өлкөнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн кеңешме ЮНЕСКО тарабынан уюштурулду.

Аталган кеңешменин максаты билимдерге, фактыларга негизделген жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин түзүү үчүн прецендентсиз кырдаал шарттарындагы натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуу менен бышыкталган практикалык тажрыйба алмашуу болду.

Кеңешмеде министрлер COVID-19 пандемиясынын шарттарында жалпы билим берүүчү мектептерде окуу-тарбиялоо процессин жана аралыктан окутуу форматын уюштуруу тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Өлкөбүздө билим берүү контенти онлайн форматка которулганын, 7000ден ашуун видеосабак даярдалып, ырааттама боюнча бир нече телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүткүл өлкө боюнча билим берүү мекемелерин жабуу/ачуу тууралуу жалпы буйрук чыгаруудан баш тарткан, анын ордуна өлкө жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга жараша окуу процессин токтото туруу тууралуу чечимди өз алдынча кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн бергенибиз.

Количество просмотров: 110