Таажы илдетин жуктурган саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, министр үй шартындагы карантинде.
«Ошого карабастан министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана координаторлор менен республикадагы коронавирус инфекциясынын эпидемиологиялык абалы боюнча онлайн жолугушууларды өткөрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, эмдөөдөн өткөн министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.