Акыркы суткада 49 кишиден коронавирус аныкталып, 238 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 36;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 7.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 020га жетип, анын ичинен 192 735 адам сакайды.
Бир сутка ичинде 3 бейтап каза болду. Алардын экөө Бишкек шаарынын, бири Ысык-Көлдүн тургундары.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 513 бейтап стационарда, ал эми 2 286 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.