Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.
Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанында белгисиз чет элдик жаран катуу токмок жеп, эсин жоготкон. Бул тууралуу социалдык тармакта видео тараган.
Видеонун автору: «Мен бул окуянын күбөсү катары бул иш тыкыр каралуусун каалайм. Токмок жеген жаран биздин мекендеш тарабынан сабалган. Жигит катуу соккудан комага түштү, жакындарын таба албай жатбыз»,-деп жазган.
Ал эми аталган факты боюнча Бишкек ШИИББинде текшерүү иштери жүрүп жатканын кабарлашкан.