• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Дүйнө Aйтматовду окуйт» аттуу онлайн флешмобу уланууда

21 Аяк оона 2018 10:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан «Дүйнө Aйтматовду окуйт» аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бул тууралуу 20-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Минисnрликтин маалыматына таянсак, бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Япония, Кытай, Россия, Тажикстан, Израиль жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окушуп, жазуучунун окурмандары катышышкан. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду. Тбилисидеги А.Грибоедов атындагы орус драма театрынын артисттери «Кылым карытар бир күн», «Делбирим» аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. «Кыямат» романынан үзүндү грузин тилинде окулду.
Билим берүү жана илим министрлиги аталган акцияны январь айында кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында баштаган. Бул долбоордун негизги максаты — улуу жазуучунун мурасын кеңири жайылтуу, жазуучунун чыгармаларын окуу маданиятын калыптандыруу. Иш-чарага каалаган жарандар катышууга укуктуу.
Катышуу үчүн видеого Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүнү окушу керек. Тасманын башында катышуучу өзүн тааныштыруусу шарт. Видеону социалдык тармакка #Aitmatov# educationkg хэштегдери менен жайгаштыруусу зарыл. Чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктарга ошол өлкөнүн тилинде үзүндүлөрдү окуу сунушталат. Акция улуу жазуучунун туулган күнүнө карата ушул жылдын декабрь айында аяктайт.
Количество просмотров: 28