Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 2 коло медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балдар арасында Рамис Масловец 42 кг чейинки салмакта жана кыздар арасында Милана Шихшабекова 51 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.