• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүйнө чемпионаты (U-23): Балбан Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду

28 Тогуздун айы 20249:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болду.

Спортчу 74 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Джабраил Гаджиевди 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. 1/4 финалдык беттеште түркиянын балбанын 11:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште орусиялык Исмил Ханиевди 1:1 эсебинде утуп финалга чыкты.

Алтын медаль үчүн беттеште япониялык спортчу Кота Такахашиге жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Количество просмотров: 102