Кыргызстандык Адилет Акылбеков Болгарияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.
20 жашка чейинки спортчулардын арасындагы турнир ушул күндөрү Самоков шаарында өтүп жатат.
18 жаштагы Акылбеков эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмакта күч сынашты.
Кыргызстандык 17-августта финалдын 1/16 баскычынан башталып, Канаданын спортчусун 12:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, андан кийин Литванын өкүлүнөн да күчтүү болгон.
Чейрек финалда Акылбеков казакстандык спортчуну утуп, финалга чыгуу үчүн таймашта италиялык балбанды жеңип алды.
Кыргызстандык спортчу 18-августта алтын медаль үчүн беттеште бейтарап желек менен чыккан орус спортчусу менен килем үстүндө беттешти.
Акылбеков финалда утулуп калып, жыйынтыктоочу раундда 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.