17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат.
Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат.
Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат.
Кыргызстандын курамасы – эркин күрөш (U-20):
Улуттук курама команданын улуу машыктыруучусу — Алмазбек Аскаров.