• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026
57kg FS — Bekzat Almaz Uulu (KGZ)

Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды

16 Аяк оона 20258:49 Бишкек Govori.TV

Балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды.

57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалда Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашып, 12:9 эсебинде жеңилип калды.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы.

Количество просмотров: 96