• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Дүйнө чемпионатында күмүш уткан Икрамовду аэропорттон тосуп алышты

24 Тогуздун айы 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду аэропорттон тосуп алышты.

Эл өкүлүн Маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов жана жакындары өзгөчө маанай менен, кызуу куттуктап тосушту.

Кошумчалай кетсек, Грекиянын Лутраки шаарында өткөн мелдеште Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 46-50 жаштагы балбандар арасында 78 кг салмакта күч сынашкан. Алтын үчүн беттеште Тазабек Икрамов швециялык Жимми Самуелсонго 12:3 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында ал күмүш байгенин ээси болгон.

Количество просмотров: 426