• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 2 миллион 700 миңден ашты

24 Чын куран 2020 16:44 Бишкек Govori.TV

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 2 миллион 700 миңден ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 24-апрелге карата баш-аягы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза тапты. 750 миңдей бейтап айыгып чыкты. Адистер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Европанын Германия жана Чехия сыяктуу мамлекеттеринде илдеттин жайылышы басаңдап, айрым чектөөлөр алына баштады. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы атайын дарылоо курсу же вакцина табылганга чейин карантин чаралары кала бериши керектигин билдирди.

23-апрелде Британияда Оксфорд университети иштеп чыккан коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Германиянын тиешелүү мекемеси да ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени белгилүү болду.

Количество просмотров: 84