• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 50 миллион кишиден ашты

9 Жетинин айы 2020 15:24 Бишкек Govori.TV

Пандемия башталгандан бери дүйнөдө коронавирус жуктургандар 50 миллион кишиден ашты. Бул тууралуу америкалык Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Вирус жуктургандардын дээрлик 10 миллиону АКШнын, 8,5 миллиону Индиянын жашоочулары. COVID-19дун көрсөткүчү боюнча кийинки сапта Орусия менен Франция турат — бул өлкөлөрдүн ар биринде коронавируска кабылгандар 1 миллион 750 миң кишиден ашты.

Дүйнөдө COVID-19дан 1 миллион 250 миңден көп киши каза болду. Бул жалпы илдетке кабылгандардын 2,5% түзөт. Коронавирус жуктургандардын 35 миңден ашыгы айыгып чыкты.

Коронавирус алгач Кытайда 2019-жылдын декабрь айында пайда болгон.

Количество просмотров: 60