АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы 23-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны тогуз миллиондон ашканын көрсөттү. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку суткада 183 миңден көп адамдан коронавирус аныкталганын жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч экенин кабарлаган.
Вируска чалдыккан соң 471 миңден көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 511 миңдей адам сакайды.
Оору эң көп тараган мамлекеттер (23-июнь, эртең менен саат 8ге карата):
АКШ — 2 310 786
Бразилия — 1 106 470
Орусия — 591 465
Индия- 485 282
Улуу Британия — 306 761
Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус жоктугун айтып келатканы менен соңку күндөрү өпкөсү сезгенип ооругандар көбөйгөнү кабарланууда.