Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасы боюнча, учурда коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 70,3 миң адамдан ашты.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча 1 млн 284 миң адам коронавирус жуктурду. Ошондой эле 271 адам бул илдеттен айыкты.
Бүгүн, 6-апрелде «Euronews» билдиргендей, Италия жана Испаниянын бийлиги коронавирус эпидемиясынын өсүү деңгээли азайып жатканын каттады. Бул учурда Францияда 93 адам коронавирус жуктуруп, 8 миңден ашык адам каза болду.
Кыргызстанда 216 адамдан коронавирус аныкталып, 4 бейтап каза болду.