• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет

25 Бугу 202110:19 Бишкек Govori.TV

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет. Анын тең жарымы грант катары бөлүнөт. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жумшалат.

12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берерин билдирген. Министр бул акчага “Кытайдын «SinoPharm» вакцинасын сатып алабыз” деп билдирген.

Количество просмотров: 112