• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дүйнөлүк банк Тажикстан калкынын аярлуу катмарын колдоо үчүн 3 млн доллар бөлөт

9 Чын куран 2020 12:39 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда коронавируска каршы көрүлүп жаткан күрөштүн алкагында калктын аярлуу катмарына 3 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүлөт. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Насим Олимзоданын айтымында, бул Дүйнөлүк банк убада кылган 11 млн доллардын бир бөлүгү болуп эсептелет.

Министр жардам жергиликтүү бийлик органдарында аз камсыз катары каттоого турган кишилерге берилерин билдирди.

Өткөн аптада Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңеши коронавируска каршы ыкчам аракет көрүү программасынын алкагында Тажикстанга 11,3 млн доллар бөлөрүн маалымдаган. Шаршембиде тажик парламенти бул келишимди колдоп берген.

Келишимде каражатка медициналык жабдуулар, тесттер, дезинфекциялык каражаттар, атайын кийимдер алынары белгиленген.

Тажикстандын саламаттык сактоо миинстринин айтымында, өлкөдө жасалма дем алдыруучу 500 аппарат бар, Дүйнөлүк банктын акчасына кошумча 100 аппарат алынат.

“Эгер бир ай мурун эле мындай аппарат 10 миң доллар турса, азыр анын баасы 100 миң долларга көтөрүлдү”, деген Насим Олимзода.

Тажикстанда коронавирус жуктурган учур расмий түрдө каттала элек.

Количество просмотров: 66