• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата өткөн акциялардын жыйынтыгы (видео)

18 Аяк оона 2018 12:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
Дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган акциянын алкагында ишембиликке шаар тургундарынан тартып мамлекет башчыларына чейин чыгышкан. Акция 15-сентябрда болуп өтүп ага жалпысынан 400 миңге жакын адам катышкан.

https://cloud.mail.ru/public/7rrm/2ewtr94m9

Бул акция Кыргызстанда биринчи жолу өтүп анын бир күн ичинде 8 миллион килограмга жакын таштанды чыгарышкан. Алардын басымдуу бөлүгү желимден жасалган буюмдар тузгөн.
“Дүйнөлүк тазалык күнү” өлкөнүн баардык аймактарында өткөн. Бир эле борбор каланын 70 түйүнү тазаланган.

Акцияны кайдыгер эмес жарандар, окуучулар, студенттер, мамлекеттик жана жеке
мекемелердин кызматкерлери, ишкерлерлер, кичи жана орто бизнес өкүлдөрү жана
коомдук пикирдин лидерлери колдошту. Акцияга ошондой эле Кыргызстандын эстрада
жана хип-хоп аткаруучулары катышты – Бегиш, Баястан, Арсен жана Айбек Замиров
жарандарды “Таза Жаша” ыры менен активдүүлүккө чакырып кетишти. Анын идеялык
автору жана демилгечиси болуп “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы Айжан
Чыныбаева чыкты.

https://www.youtube.com/watch?v=-6aE0rUIHyY

“Эко Деми” коомдук фондунун колдоосунда ишке ашкан бул иш чараны өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков да колдоп өзү да ишембиликке чыккан.

Кошумчалай кетсек, “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” 2008-жылы Эстонияда алгач белгиленген. Максаты жашап жаткан пленетабызга кайдыгер карабай, экологиялык тазалыкка көңүл буруу. Бул кыймылга дүйнөнүн 150 өлкөсү кошулган.

 

Количество просмотров: 78