• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

№24 округдагы баштапкы жыйынтык өзгөрүп, Карыбек уулу 2-орунга чыкты

1 Бештин айы 202513:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча №24 шайлоо округунан талапкер Улукбек Карыбек уулу 2-орунда баратат.

БШКнын сайтындагы эсепке караганда, Карыбек уулун аралыктан шайлаган 1320 жарандын добушу буга чейинки жыйынтыкты өзгөрттү. 30-ноябрдын кечинде жарыяланган алдын ала жыйынтыкта бул округдан 1-орунда Жумабек Салымбеков, экинчиде 5489 добуш менен Арафат Исмаилов бараткан. Соңку жыйынтыкка ылайык, Карыбек уулунун аралыктан жана автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алган добушу 6 миң 159, ал эми Исмаиловдуку 5 миң 739 болду.

Количество просмотров: 511