«Шайлоо кандай өттү?» Бул тема боюнча «Майдан» теледебатта талкуу өтөт.
Катышуучулар:
30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берген. Бул — жалпы шайлоочулардын 34,31%.
Аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, быйылкы жарышта 460 талапкер ат салышууда. Добуш берүү укугу бар жарандардын жалпы саны — 4 294 243. Анын ичинде 48,47% — эркектер, 51,52% — аялдар.
Жаңы мыйзамдын шартында шайлоо кандай өттү?
Бул шайлоо — Кыргызстан толук өткөн бир мандаттуу система боюнча добуш берген биринчи саясий марафон. Партиялык тизмелер жоголду, ар бир округ өз талапкерин тандады.
Бир жагынан бул системанын артыкчылыгы бар: шайлоочу конкреттүү адамга добуш берет. Экинчи жагынан — парламенттик маданият жаңы шартка көнүп үлгүрө элек. Бир кезде «парламентаризм курабыз» дегенибизден кийин системанын улам алмашышы элдин түшүнүгүн да, ишенимин да чарчатты.
Жыйынтык кандай болду?
Алдын ала маалыматтар аймактарда активдүүлүк орточо деңгээлде экенин көрсөттү. Ал эми Бишкекте салттуу түрдө эң төмөнкү көрсөткүч катталды. Шаардыктар саясаттан алыс болгондуктарын дагы бир жолу тастыкталды:
“Мени тийбегиле, жашоом жакшы болсо болду” деген логика шайлоо маданиятына айланганы жашырын эмес.
Аралыктан добуш берүү — ишеним жараттыбы же күмөн жараттыбы?
Дагы бир орчундуу эпизод: айрым участкаларда аралыктан добуш бергендердин саны алдын ала жыйынтыкты өзгөрткөн. Кечээ тизмеде артта калган талапкер бүгүн алдыга чыкты.
Бул технология шектенүүнү жараткан жокпу?
Добуш сатып алуу — токтобогон илдет
Президент өзү да мойнуна алгандай, сатылып алынган добуш маселеси чечилбей келет. Бул — өлкөнүн шайлоо процессиндеги эң оор жара.
Бир кездерде Акаевдин «акчаны ала бергиле, бирок жүрөктүн добушу менен шайлагыла» деген сөзү элдин аң-сезимине таасир эткен. Бирок бүгүнкү шартта бул формула иштебей калды: акча логиканы жеңип, шайлоонун адилеттүүлүгүнө көлөкө түшүрүп жатат.
Мандаттан баш тартса эмне болот?
Жаңы мыйзам боюнча, талапкер мандатын тапшырса, округда кайра шайлоо өтпөйт. Бир мандат автоматтык түрдө көп добуш алган кийинки талапкерге өтөт.