• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйнө жүзүндө коронавирусту 5 миллиондон ашык адам жугузду

21 Бугу 2020 16:26 Бишкек Govori.TV

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 21-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине 5 миллиондон ашык адам чалдыкты. Анын ичинен 328 миң киши көз жумду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус төмөн жана орто кирешеси бар өлкөлөрдө вирустун көбөйүшү өзгөчө тынчсызданууну жаратып жаткандыгын айтты. Буга чейин Европа жана АКШ өлкөлөрү пандемиянын очогу болсо, азыр Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө барган сайын вирус жуктургандардын саны өсүүдө.

Количество просмотров: 78