• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Дүйшөбаев, Асанов жана Рита Карасартова эки айга камакка алынды

25 Тогуздун айы 20228:22 Бишкек Govori.TV

УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчы Бектур Асанов, активист Рита Карасартова эки айга камакка алынды.

Мындай чечимди, Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-октябрга караган түнү кабыл алды.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Количество просмотров: 414