• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Дүйшөмбү–Бишкек каттамындагы учак «Манас» аэропортуна конду

14 Жалган куран 202513:07 Бишкек Govori.TV

14-март күнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан учуп келген Дүйшөмбү–Бишкек каттамындагы жүргүнчү учагы Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Учак Тажикстандын «Сомон эйр» авиа компаниясына таандык. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандантуу тууралуу 13-мартта кол койгон келишиминин негизинде жүргүзүлдү.

Дүйшөмбү–Бишкек–Дүйшөмбү багытындагы авиа каттамдар 14-марттан тарта эле жанданарын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Бишкектеги мамлекеттик сапары учурунда документтерге кол коюлгандан кийин билдирген.

Количество просмотров: 207