Мындай пикирин “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков билдирди.
«Кечээ митингге чыккандардын талабы мыйзамга дагы туура келбейт. Биз буга каршыбыз»,-деди ал.
Эске салсак, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылган митинг өткөн.
12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жогоруда айтылган басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Нарматова өзү айтылгандарды четке каккан.