• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Дүйшөнкул Чотонов: Карайлаганда караан болоор эл бар экен…

29 Баш оона 2019 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Саясатчыларды сот залынан бошотулду.

Алар сыртка чыгып аларды күтүп жаткан тарапташтары менен учурашып сөз сүйлөшүп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Анда Чотонов «Карайлаганда караан болоор эл бар экен. Кыргыз эли эч убакта сынбайт»,-деген пикирин айтты.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 

Количество просмотров: 51