Токмоктогу дүкөндө орун алган окуяга тиешеси бар кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 10-сентябрь күнү социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Токмоктогу дүкөндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкер банандарды таразага тартып, андан кийин кайра аны таштап ордуна башка банандарды алып кеткен видео жарыяланып, коомчулуктун талкуусу жаралган. Бул боюнча Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБ тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, окуяга тиешеси бар кызматкер аныкталды.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Чүй РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Д.А.га өзүнүн кыймыл-аракети менен кызматтык милдеттерин так аткарбай, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени үчүн КР укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын, ИИМдин буйругунун талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп жазаланды.
Ошондой эле кол алдындагы кызматкерлерге тарбиялык иштерин начар жүргүзүп, кызмат өтөөсүн жеткиликтүү деңгээлде көзөмөлдөбөгөн анын башчысына Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн сөгүш жарыяланды.