• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бааларды текшерүү үчүн келген Тукуновду дүкөндүн кызматкерлери чыгарып салышкан (видео)

1 Баш оона 2022 16:03 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновду текшерүү учурунда дүкөндөн чыгарып, күбөлүгүн алып коюшкан. Бул тууралуу соцтармакка жарыяланган видеодо маалымдалат.

Маалыматка ылайык, 31-июль күнү саат 22:00дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылындагы Берёзка дүкөнүнө Тукунов түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган. Монополияга каршы кызматтын жетекчисинин орун басары бул жерде азык-түлүктүн баасы бир топ кымбат экенин билдирген. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ага Витя аттуу адам келип, андан видеого тартууну токтотуп, имараттан чыгып кетүүсүн орой талап кылган.

Акжолтой Тукуновго иш убактысында саат 9.00дөн 18.00гө чейин чек менен келүү сунушталып, жана текшерүү жургүзүү үчүн атайы уруксаат кагазын көргөзүү талабы айтылган.

Активист Акжолтой Тукунов 5-июлда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болду. Ага чейин ал социалдык тармактарда үзгүлтүксүз сын-пикирлерди жарыялап, кумар оюндарына байланыштуу мыйзам долбооруна активдүү каршы чыгып, нааразылык акцияларына катышып келген.

Количество просмотров: 7332