Патрулдук милиция башкармалыгынын ата-энелерге айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок жашы жете элек балдарына унаа айдоого уруксат бербөө чакырыгы дагы эле көңүл сыртында калууда, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.
Кезектеги рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы кыз унаа айдап бара жатканын аныкташкан. Анын айтымында, унааны ата-энеси берип, “дүкөнгө барып кел” деп тапшырган.
Натыйжада унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата протокол түзүлдү.