Өлкө аймагында 21-апрелден тартып, 27-апрелге чейин 22 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, алардын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 765;
— мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 323;
— унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 327;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3866;
— автээнбаштык — 24;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3521;
— жалган мамлекеттик номери менен унаа башкаруу — 6;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары –13 857.
Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2862 автоунаа айып короого токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.