• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дөлөн Өмүрзаков атындагы «Спартак» стадиону машыгуу үчүн ачылды

28 Бугу 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-майдан тарта стадиондо чуркоого уруксат берилип, бардык каалоочулар күнүгө эртең менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин стадиондо машыга алышат. Кирүү акысыз. Машыкчулар стадионго спорттук бут кийим менен гана киргизилет.

«Машыкчу адамдар коронавирустан сак болуш үчүн 1,5 метр аралыкты сакташы керек. Кызматкерлердин жана стадионго келүүчүлөрдүн дене табы текшерилип турат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стадион 20-марттан бери карантинге байланыштуу жабылган болчу.

Количество просмотров: 54