Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн, узак убакытка «Манас» айтат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкектеги борбордук аянтта 12-ноябрда саат 9.00дө башталат. Аянтта беш метр бийиктикте айнектен жасалган боз үй коюлат. Ичинде Дөөлөт Сыдыков токтобой, тынымсыз «Манас» айтат.
Белгилей кетсек, Дөөлөт Сыдыков «Башканы коюп Манасты айт» сынагы — 1-орун, Куйручуктун 200 жылдык мааракеси — баш байге, Манас күнү – 1-орун, Уфа шаарында өткөн Бүткүл россиялык айтуучулар сынагынан 1-орун алып, лауреат аталган.