• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келип, Ташиевге жолукту

12 Үчтүн айы 2024 9:28 Бишкек Govori.TV

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кабыл алуусуна болду. Бул тууралуу Сыдыков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Кыргызстанга келип, силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана Манас дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык. Жакшы сөзүн айтып, кабыл алганына ыраазычылык билдирем. Мен Манасчы болгон үчүн ар бир кыргыз баласы Манас бабабызды сыйлап-урматтап, туу тутушу керек деп ойлойм. Камчыбек Кыдыршаевичтин дагы оюнда Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген тариздеги ойлорун угуп кубандым. Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталаарын билдирди»,-деп жазды ал.

Эске сала кетсек, Сыдыков былтыр майда «Манас айылынын» айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен. Анда өзүнө карата ар тараптан басым болгонун айткан.

Количество просмотров: 110