• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Маданият министри манасчынын өлкөдөн чыгып кетиши боюнча эмне дейт?

6 Бугу 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго коркутуу болгон эмес. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов «Азаттыкка» берген маегинде билдирген.

Министр манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуялар боюнча төмөндөгүлөрдү айткан.

«Президент Садыр Жапаров «Манас айылы» ордунда каларын, реконструкция жасаларын түшүндүрүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду жолугушууга чакырган, бирок манасчы келген жок. Кийин Дөөлөт мырзаны чакырып түшүндүрдүм. Ал жерде эч кандай коркутуу же анын аброюна шек келе турган сөз болгон эмес. Президент да “Манас бир кишиники эмес. Ага баарыбыз күйөбүз” деп айтпадыбы. Ошону түшүндүргөм. Тилекке каршы чоң талкууга айланып кетти»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткени 5-майда белгилүү болду. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Количество просмотров: 6240