• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Дача-СУ боюнча комиссиянын курамына Атамбаевдин жактоочусун кошуу сунушталды

18 Бугу 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

Дача-СУ боюнча комиссиясынын курамын карасам баары эле бийликтин адвокаттары экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев билдирди.

Депутат түзүлгөн комиссиянын курамын сынга алып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевди дагы аталган комиссиянын курамына киргизүү керек экенин айтты.

“Бир тараптуу болуп жатат. Жадакалса техникалык адистер жок экен, жалаң эле саясатчы, укук коргоочулар экен. Мурун Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча ушундай комиссия түзгөн, бирок анысынан майнап чыккан жок. Ошол үчүн Замир Жоошевди да кошуп койсоңор жакшы болмок. Өзү дагы суранып жаткан”, — деди Атамбаев.

Теги:
Количество просмотров: 60