• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Дача-СУда 3000 түк беде, сарай өрттөндү

22 Баш оона 2023 20:43 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Дача-СУ аймагында жайгашкан сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык катталган жерге №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча «Манас» аэропортунан 2, №7 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп барган. Тилсиз жоону өчүрүүдө жалпы 4 өздүк курам иштеп, бүгүн саат 7:00дө чектөөгө алып, 10:12де толук өчүрүлгөн. Кырсыктан 600 чарчы метр сарай жана бастырмада жыйылган 3000 түк беде күйгөн.

Өрттүн кесепетенин 22 жаштагы жаран жабыркап, туугандары ооруканага алып кетишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Количество просмотров: 87