• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дача Суга кулаган учактагы “кандуу жүктүн” ээси бүдөмүк болуп калбашы керек

16 Үчтүн айы 201917:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу мындан эки жыл мурун Дача Су айылында болгон учак кырсыгынын кесепети тууралуу айтып жатып, кандуу жүктүн ээси ким экени азыркыга чейин аныкталбай жатканына токтолду.  

“Негизи бул боюнча комиссия түзүлүп, ал дагы өз ишин аягына чыгара албай калды. Ачык айтканда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин жүгү делип, текшерилип жатканда бир топ депутаттар кысымга алынап, ошонун алды мына Текебаев түрмөдө отурса, башкаларына куугунтуктоо болду. Эми эртеби кечпи бул ачыкталышы керек. Себеби ал жерде биздин жарандарыбыз каза болду. Кан кое бербейт. Жүк кимдики болгону боюнча бирөө жоопкерчилик алышы керек. Азыр Атамбаевдин бийлиги өттү. Мындан ары тергөө иштери аягына чейин чыгып, ачыкталышы керек”,-дейт Алтынбек Жунус уулу.

2017-жылдын, 16-январында Дача Су айылында түрк компаниясына таандык Boeing 747 учагы кулаган. Кесепетинен 39 киши каза таап, 15 адам жабыркаган.

Өмүрбек Текебаев жетектеген депутаттык коммисиянын иликтөө иши, Текебаев камалгандан тарта аягына чыкпай калды.

Анткен менен кар жаады из басылды болуп, убакыт өткөн сайын кандуу жүктүн кимдики экени суроо бойдон калып келет….

Количество просмотров: 56