• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дача-СУда учак кырсыгынан курман болгондор эскерилет

16 Үчтүн айы 2019 10:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

Бүгүн, 16-январда Дача-СУ айылында учак кырсыгынан курман болгондор эскерилет. Ага өкмөт өкүлдөрү, кырсыктан жабыркаган жарандар, маркумдардын туугандары катышат.

15-январда президент Сооронбай Жээнбеков Дача-СУда «Боинг-747» учагынын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарынан айрылган балдар менен жолугушуп, бул күн эң кайгылуу күн катары кыргызстандыктардын эсинде калганын белгиледи.

«Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Кыргызстан элинин атынан жана өз атымдан дагы бир жолу силерге көңүл айтам. Өз жакындарын жоготкон балдарыбыз аман-эсенчиликте узак жана бактылуу өмүр сүрүшсүн», — деди Жээнбеков.

2017-жылы Чүй облусунун  Дача-Су айылында «Боинг-747» учагы кыйрап, жакындарын жоготкон балдар — Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан жана Карыпбаева Сайкал.

«Боинг-747» жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, 4 учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган.

Количество просмотров: 32