• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

10 Бештин айы 202011:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрга карата текшерилген анализдин жыйынтыгы менен 11 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын ичинен экөө ооруну кызыл зонада жуктурган.

Жаңы катталгандар:

  • Бишкек шаарында 1 (кызыл зонадан 1);
  • Ош облусунда 1;
  • Чүй облусунда 2;
  • Ысык-Көл облусунда 7 (кызыл зонадан 1).

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, бир суткада стационардан 5, үй карантинден 12 медкызматкер чыгарылган.

Кыргызстанда жалпы 4007 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен 3719 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 82