Сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 5, Ош шаарында 2, Ош облусунда 3, Талас облусунда бир медик илдетке кабылды.
«Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 11 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3266 учур катталды, алардын ичинен 3021 медкызматкер айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.