Бүгүн, 22-июлга караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 1169 адамдын анализинин жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Бишкек шаарында — 760 адам;
Чүй облусунда — 132;
Баткен облусунда — 76;
Ош облусунда — 31;
Ысык-Көл облусунда — 52;
Жалал-Абад облусунда— 76;
Ош шаарында — 13;
Талас облусунда — 12;
Нарын облусунда — 17.
Кыргызстанда жалпы 153 878 адам коронавирус менен катталган.