Megacom
  • Ишенби 8 Баш оона 2020

Дагы 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

2 августа 2020 в 12:13 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.


• Бишкек ш. – 1
• Ош ш. – 1
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 8
• Баткен облусунда – 2

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 41 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2809 учур катталды, алардын ичинен 1812 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 109