• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Дагы 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

29 Теке 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.


• Ош ш. – 1
• Чүй облусунда – 10
• Ош облусунда – 1
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Ысык-Көл облусунда – 1
• Талас облусунда – 1

Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 68 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2711 учур катталды, алардын ичинен 1595 медкызматкер айыкты.

Количество просмотров: 42